№166 каттамга маршрутканын ордуна автобус жүрө баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Ал Ауэзов көчөсүнөн «Алтын Ордо» конушуна чейин барат. Бул линияда 20 автобус иштейт, тейлөө аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт.
Коомдук транспорттун кыймылын «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде көзөмөлдөй аласыз. Алардын ар бири GPS трекери жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн валидаторлор менен жабдылган.
Учурда Кытайдан сатылып алынган автобустардын экинчи партиясы борборго келүүдө. Мэрия июнга чейин шаарды толугу менен маршруткалардан тазаламакчы.