Саат 12:00гө карата Кыргызстанда 624 миң 598 адам добуш берди. Бул тууралуу Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
“Саат 12:00гө карата чет өлкөдөгү жана Кыргызстандагы шайлоо участокторунда баш аягы 624598 шайлоочу добуш берди. Бул Кыргызстандагы 3 523 554 шайлоочунун 17,73 пайызын түзөт”, — деди Шайлдабекова.
Бишкекте 84 106 адам добуш берди (16,9 пайыз);
Ош 37860 адам добуш берди (21, 04 пайыз);
Жалал-Абад 125 225, адам добуш берди (19,45пайыз);
Ысык-Көл 47971, адам добуш берди (16,5);
Нарын 32260 адам добуш берди (18,31 пайыз);
Ош облусу 120423 адам добуш берди (17, 64 пайыз);
Талас 28130 адам добуш берди (18, 88 пайыз);
Чүй 99013 адам добуш берди (16, 88 пайыз);
Баткен 49610 адам добуш берди (17,45 пайыз).
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо 2475 шайлоо учаскасы иштеп жатат. Алардын 45и чет өлкөлөрдө, ал жактагы кыргыз мигранттарына ачылган. Кыргызстанда жалпы 3 523 554 шайлоочу бар, алардын 32 602си чет өлкөлөрдө.
Парламенттик шайлоого 16 саясий партия ат салышып, алардан 120 мандатуу Жогорку Кеңешарналганке 1912 адам талапкер болуп катталган.