“Табылга” партиясы алдыдагы парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстанды” колдойт.
“Мекеним Кыргызстан” партиясынын билдирүүсүнө ылайык, эки партиянын лидерлери биргеликте иш алып баруу боюнча меморандумга кол коюшту.
Табылга” саясий бирикмеси Ысык-Көл облусунун активисттери тарабынан негизделген. Каракол шаардык кеңешине шайлоодо катышып, аталган партия жалпы мандаттардын 28,5 пайызына ээ болгон.