Шайлоо- 2021: Көчмө добуш берилип жатат

Шайлоо- 2021: Көчмө добуш берилип жатат

27-ноябрда көчмө добуш берүү жараяны өтүп жатат. 13 396 адам добуш берүүгө арызды Борбордук шайлоо комиссиясына алдын-ала тапшырган. Бул туурасында аталган мекеме билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо тууралуу» конституциялык мыйзамдын 33-беренесине ылайык, добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө шайлоочулардын тизмесине кирген, бирок добуш берүү үчүн шайлоо участкаларына келүүгө ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу келе албаган шайлоочулар добуш берүүгө укуктуу.

Шайлоо күнү ооруканада жаткан, жабык жайлардагы жарандар, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон райондордо, жайыттарда убактылуу жашагандар шайлоо күнүнөн мурда добуш бере алат. Бул үчүн алар алдын ала аймактык шайлоо комиссияларына арыз менен кайрылууга тийиш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>