Журналист Али Токтакунов «Эгемен» коалициясы менен парламенттик шайлоого катышат. Бул туурасында «Туран» саясий партиясынын өкүлү Эрлан Бекчороев Reporter.kg′ге билдирди.
Анын айтымында, «Ата Мекен» партиясынын XIV съезди өтүп жатат. Ага Токтакунов да катышууда.
Шайлоо 28-ноябрда өтөт.