Site icon Reporter.kg

Шайлоонун алдында Ошто Бирбол төрөлдү

“Бир Бол” партиясынын атынан Ош шаардык кеңешине депутаттык талапкерлигин койгон Нурланбек Сүйүнов уулду болду. Сүйүновдун наристеси 11-мартта шайлоонун үгүт иштери башталар алдында жарык дүйнөгө келген. Ошол себептен ал  уулунун ысымын Бирбол деп коюну чечкен.

Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо ушул жылдын 12-апрелинде өтөт.

Exit mobile version