“Бир Бол” партиясынын атынан Ош шаардык кеңешине депутаттык талапкерлигин койгон Нурланбек Сүйүнов уулду болду. Сүйүновдун наристеси 11-мартта шайлоонун үгүт иштери башталар алдында жарык дүйнөгө келген. Ошол себептен ал уулунун ысымын Бирбол деп коюну чечкен.
Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо ушул жылдын 12-апрелинде өтөт.