Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов ИИМдин Тергөө кызматына сурак берип жаткан учурда абалы начарлап «Тез жардам” аркылуу ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз катчысы Карима Аманкулова билдирди.
“Атаханов 18-июлда саат 13:30да ИИМге чакырылган болчу. Сурак учурунда ал өзүн жаман сезип, укук коргоо органдары Тез жардам чакырган”, — деди ал.
Айта кетсек, Атаханов Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 21-майда кармалып, камакка алынган.
Бирок ал тергөө менен кызматташып, Батукаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен бошотулганын айткандан кийин үй камагына чыккан.