Жакынкы 1 саат аралыгында Бишкекте каттуу шамал болушу мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында түнү жана Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы мүмкүн.
ӨКМ жарандарды сак болууга чакырды.