Кыргызстандын аймагында 23-24-октябрь күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы күтүлөт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйыдатат.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8;
Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…5, күндүз 5…10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;
Тоолу райондордо түнкүсүн -7…—12, күндүз -2…-7;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…-9 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн -2…2, күндүз 3…8 градус болот.