20-22-июнь күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынын билдирди.
ӨКМ жарандарды коопсуздук чараларын сактоого чакырды. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга кабылганда токтоосуз 112 кызматына билдирүүнү эскертти. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.