Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

26-27-июнь күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарга эскертти:

  • Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз;
  • Арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
  • Турак үй жайгашкан жерде жаан суулары — агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
  • Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
  • Сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
  • Мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: ӨКМ сел

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>