Шайлоо алдында айрым талапкерлер Өкмөт аткарган иштерди өзүнө ыйгарып жатат – администрация

28.10.2025 | 16:00

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт кампаниясы расмий баштала элек болсо да, айрым талапкерлердин тараптан мамлекет аткарган иштерди өзүнө ыйгарып, жалган маалымат таратуу аракеттери байкалууда.
Пезиденттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайыр Орунбековдун маалыматына караганда, айрым талапкерлер WhatsApp жана башка социалдык тармактар аркылуу Өкмөттүн пландуу түрдө ишке ашырып жаткан мектеп, жол, бала бакча жана социалдык объекттерди “менин демилгем менен курулду” деп көрсөтүп, элди жаңылыш маалымат менен үгүттөөдө.

Президент Садыр Жапаров буга чейин бул маселе боюнча так позициясын билдирген:

“Депутат мектеп курбайт, жол курбайт — анын баарын мамлекет аткарат. Эгер ушундай убадаларды беришсе, ишенбегиле”, — деп белгилеген мамлекет башчы.

Ошентсе да, айрым талапкерлер, анын ичинде мурда мамлекеттик кызматта иштебеген адамдар, чындыкка дал келбеген үгүт иштерин жүргүзүп жатканы айтылууда.

Жарандар мындай алдамчы жана калпычы талапкерлерге ишенбөөгө чакырылат. Өкмөттүн бардык курулуш жана социалдык долбоорлору — бул мамлекеттин пландуу ишмердигинин жыйынтыгы, аларга жеке талапкерлердин тиешеси жок.

Ошондой эле, “жогорку жактын батасын алдым” деген сыяктуу имиштерди тараткан талапкерлерге карата катуу чаралар көрүлөрү эскертилди.

Шайлоочулар ар бир талапкердин убадасын терең талдап, анын билими, моралдык сапаты жана чынчылдыгына баа берүүгө чакырылды.

Scroll to Top