Шайлоо алдында мыйзамсыз акча чогулткандар жоопкерчиликке тартылат – БШК

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочуларга, талапкерлерге жана саясий партияларга расмий эскертүү таратты.
Комиссиянын маалыматына ылайык, социалдык тармактарда айрым адамдар жана топтор үчүнчү тараптын мобилдик тиркемелери аркылуу шайлоо фонддоруна акча чогултууну сунуштаган билдирүүлөрдү тарата башташкан.
БШК мындай аракеттер шайлоо мыйзамдарына каршы келерин жана мыйзамсыз каржылоого жатат деп билдирди.
Расмий түрдө шайлоо фонддоруна акча каражаттарын «Элдик Банк» жана «Айыл Банк» аркылуу гана, анын ичинде алардын расмий мобилдик тиркемелери аркылуу которууга уруксат берилет. Бул каражаттар ыктыярдуу кайрымдуулук жана талапкерлердин жеке салымдары катары гана кабыл алынат.
Ар бир талапкер же партия мыйзамга ылайык бирдиктүү атайын эсеп ачып, түшкөн каражаттарды ошол эсеп аркылуу гана пайдаланууга милдеттүү.
БШК шайлоо процессинин бардык катышуучуларын мыйзамсыз акча чогултуудан жана көмүскө каржылоодон алыс болууга чакырып, мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.