ШКУ өлкөлөрүнүн жалпы ички дүң өнүмү 24,6 триллион долларга жетти

ШКУ өлкөлөрүнүн жалпы ички дүң өнүмү 24,6 триллион долларга жетти

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жалпы ички дүң өнүмү 24,6 трлн долларды түздү. Бул тууралуу Орусиянын өнөр жай жана соода министри Антон Алиханов «Иннопром» эл аралык көргөзмөсүндө айтты.

Анын айтымында, акыркы жылдары ШКУ алкагындагы соода-экономикалык кызматташуу өнүктү. Акыркы эки жыл ичинде уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы товар жүгүртүү орточо 30%га өскөн, ал эми ШКУнун дүйнөлүк соодадагы үлүшү 15%дан ашкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>