•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Штаб: Өлкөдөгү бардык базарларда беткап режими катуу сакталышы керек

Кыргызстандагы бардык базарларда беткап режими жана башка күчөтүлгөн санитардык чаралар катуу сакталышы керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык штабдын жыйынында билдирди.

Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы кабарлайт.

“Базарларда иштеп жаткандар жана ал жакка баргандар беткапты милдеттүү түрдө тагынуусу зарыл. Базар жетекчилиги ушул маселе боюнча тийиштүү деңгээлде көзөмөлдөөнү толук жоопкерчилигине алышы шарт. Санитардык кызматтар, жергиликтүү бийлик органдары ири делген «Дордойдон» баштап, республикадагы башка базарларга чейин санитардык-эпидемиологиялык текшерүүлөр боюнча ишти күчөтүүгө тийиш”, – деди Кубатбек Боронов.

Жыйында Бишкек шаарынын жашоочусу вирусту ири базарлардын биринен жуктуруп алгандыгы дагы айтылган.

Сунушталган жаңылыктар
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Муфтият коронавируска каршы кан чыгарып түлөө өткөрдү

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Улуу Британия жана Бахрейнде жүргөн мекендештер Дубай аркылуу өлкөгө кайтып келди

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Саламаттык сактоо министри пневмонияга, орун басары коронавируска чалдыкты

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Бир суткада пневмониядан 40, коронавирустан 6 адам көз жумду

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *