Шыкмаматов: 5 миллиард сом салык төлөбөй издөө жүргөн адам элчинин унаасы менен жүргөн

Шыкмаматов: 5 миллиард сом салык төлөбөй издөө жүргөн адам элчинин унаасы менен жүргөн

Өлкө казынасына 5 миллард сом салык төлөбөй издөөдө жүргөн адам дипломатиялык номер менен жүрөт. Бул тууралуу депутат Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңетин жалпы жыйынында айтып чыкты.

“Айеркен Сайматини өлтүргөн адамдар Кыргызстандын паспорту менен, Саймати өзү элчинин машинеси менен жүргөнү ачыкталды. А биз болсо көрмөксөн болуп отура берелиби? Премьер-министр да унчукпайт. Күч органдарын жана өкмөт башчыны чакыралы, жарым саат бизге маалымат беришсин”, — деди эл өкүлү.

Азаттыктын иликтөөсүндө аты аталган Айеркен Саймаитини 10-ноябрь күнү Стамбулдун Фатих районунда жайгашкан мейманканадан атып кетишкен. Ал оор абалда ооруканага жеткирилип, алган жаракатынан улам көз жумган.

12-октябрда ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалды. Алардын экөө кыргызстандыктар болгон.

Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жерден консулдукка тиешелүү Range Rover үлгүсүндөгү автоунаа табылган. Аталган унаа  Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковко таандык болгон.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун жарлыкка ылайык 12-ноябрда Эркин Сопоков кызматтан алынды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>