Site icon Reporter.kg

Шыкмаматовдун ордуна жаңы депутат келди

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” пфракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Мындай чечим бүгүн, 27-декабрдагы кезектеги отурумда кабыл алынганын БШКнын басма сөз катчысы Анарбек Абазбеков билдирди.

“Шыкмаматовдун ордуна «Ата Мекен» партиясынын тизмесиндеги  депутат болчу кийинки талапкер Нурбек Сыдыгалиев депутат болуп келди”, — деди ал.

Алмамбет Шыкмаматовдун мандатын тапшырып, партиядан  кетүүнү чечкени бүгүн эрте менен белгилүү болду.

Exit mobile version