Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” пфракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Мындай чечим бүгүн, 27-декабрдагы кезектеги отурумда кабыл алынганын БШКнын басма сөз катчысы Анарбек Абазбеков билдирди.
“Шыкмаматовдун ордуна «Ата Мекен» партиясынын тизмесиндеги депутат болчу кийинки талапкер Нурбек Сыдыгалиев депутат болуп келди”, — деди ал.
Алмамбет Шыкмаматовдун мандатын тапшырып, партиядан кетүүнү чечкени бүгүн эрте менен белгилүү болду.