Сибирь мамлекеттик медициналык университети кыргызстандык талапкерлер үчүн бюджеттик (акысыз) негиздеги орундарга онлайн кабыл алууну жарыялады. Бул тууралуу КР Агартуу министрлиги билдирди.
Кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 20-июлуна чейин. Ал эми, сынактарды тапшыруу мөөнөтү: 25-июлга чейин. Акыркы кабыл алуу мөөнөтү: 4-август, саат 12:00 (Москва убактысы боюнча)
Керектелүүчү документтер:
- Билим берүү тууралуу документтердин түп нускасы талап кылынбайт
- Онлайн арыз жана кабыл алууга макулдук берүү жетиштүү
Документтерди тапшыруу — атайын жеке кабинет аркылуу жүргүзүлөт (шилтеме берилет). Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефону: +7 (3822) 59-01-22