Site icon Reporter.kg

Сириядагы кыргызстандык аял менен балдар кайтарылат

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм менен Сириядан Кыргызстандын жарандарын кайтаруу маселесин талкуулады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштарда жабыркаган үй-бүлөлөрдү реабилитациялоо, ошондой эле ок атышуу болгон аймактардан балдарды репатриациялоо маселелери талкууланды.

Марат Иманкулов ЮНИСЕФтин Кыргызстанда балдардын укуктарынын сакталышына байланыштуу гуманитардык маселелерди чечүүгө кошкон салымы чоң экенин белгиледи.

«Мындан сырткары, жакынкы мезгилде Түндүк Сириядан балалуу энелерди алып келүү маселесине токтолгон Коопсуздук кеңешинин катчысы Кыргызстан өз жарандарын репатриациялоо процессин ишке ашыруу менен балдарга баладай мамиле жасоо принциптерин, тагыраак айтканда, алар тууралуу купуялуулукту сактоо, ошондой эле репатриацияланган балдардын энелери менен туруктуу байланышын камсыз кылуу принциптерин карманарын билдирди. Марат Иманкулов бул ишке тартылган бардык мамлекеттик органдар кайтып келе турган балдарды тосуп алуу жана аларды коомго аралаштыруу үчүн эң жагымдуу шарттарды түзүүгө камданышкандыгына ишендирди», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Сириядагы лагерлерде 400-500 кыргызстандык бала жана аял бар экени айтылып келет.

Сириядагы кыргызстандык аял менен балдарды кайтаруу маселеси көтөрүлдү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version