Site icon Reporter.kg

СИЗОдо киши колдуу болгон «Дөө Чыңгыздын» акыркы видеосу

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы 30-июлда «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлтүрүлгөнүн билдирди.

Ушул жылдын 8-июль күнү кечинде Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында “Дөө Чыңгызды” кармоо аракети болгону жана унаасына ок атылганы айтылган.  Анда ал “Гелендваген” унаасы менен качып кетүүгө үлгүргөн.

Ал эми УКМК 9-июлда Чүй облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөнүн билдирип, бирок ок атышуу болбогондугун маалымдаган. 

15-июлда УКМК Бишкек шаарынын аймагында уюшкан УКТнын мүчөсү Чынгыз Жумагулов кармалганын маалымдап, кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысы боюнча материалдардын алкагында жүргүзүлгөнүн маалымдаган.

18-июлда Биринчи май райондук сот тарабынан Чыңгыз Жумагуловду эки айга СИЗО-1 абагына камакка алуу чечими чыгарылган.

Социалдык тармактарда Жумагуловдун УКМКга келгендеги видеосу жарыяланган. Видеосу бул шилтемеде.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version