Акыркы суткада 264 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан билдиришти.
Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 76, Ош – 21, Чүй облусу – 67, Ош облусу – 14, Талас облусу – 4, Нарын облусу – 14, Ысык-Көл облусу – 44, Жалал-Абад облусу – 20, Баткен облусу – 4.
Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 78 миң 679 адамга коронавирус жуккан, анын 72 миң 51и сакайды.
Ал эми соңку суткада 3 киши илтеддин курмандыгы болду, республика боюнча 1 миң 324 адам вирустан каза болду.