Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан дагы 23 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 18-май күнкү брифинг учурунда билдирди.
“Айыккандардын ичинен 20 бейтап Бишкектен, 3 бейтап Жалал-Абаддан”, – деди Үсөнбаев.
Ушуну менен өлкөдө COVID-19 инфекциясынан сакайып чыккандардын саны 827 болду.