Соцфонд: ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 120 жаранына пенсия чектелди

Соцфонд: ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 120 жаранына пенсия чектелди

Кыргызстандын Социалдык фонду ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 120 жаранына пенсия чектеди.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жарандарына пенсия чектөө иштерин улантууда.

Фонддун маалыматына ылайык, 2021-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстан, Россия, Казакстан, Армения жана Беларустун аймагында иштеп, пенсиялык укукка ээ болгон жарандар эмгек мигранты деп саналат жана алардын укуктары ЕАЭБ алкагында корголот.

Ушул негизде Кыргызстандын Социалдык фонду төмөнкү жарандарга пенсия чектеди:

  • Россиянын 109 жаранына, анын ичинен: 6 жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсияга чыккан;
  • 1 жарандын пенсиясы төлөмдөр узак убакыт жүргүзүлбөгөндүктөн токтотулган.
  • Казакстандын 9 жаранына, анын ичинен:2 жарандын пенсиясы өз арызынын негизинде токтотулган.

Беларустун 2 жаранына, анын ичинен: 1 жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча пенсияга өткөн.

Мындан тышкары, Россия Кыргызстандын 82 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн чектеди.

Социалдык фонд ЕАЭБ алкагындагы кызматташуунун негизинде пенсиялык укуктарды коргоону жана ишке ашырууну улантат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>