Site icon Reporter.kg

Соцфонд: ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 120 жаранына пенсия чектелди

Кыргызстандын Социалдык фонду ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 120 жаранына пенсия чектеди.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жарандарына пенсия чектөө иштерин улантууда.

Фонддун маалыматына ылайык, 2021-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстан, Россия, Казакстан, Армения жана Беларустун аймагында иштеп, пенсиялык укукка ээ болгон жарандар эмгек мигранты деп саналат жана алардын укуктары ЕАЭБ алкагында корголот.

Ушул негизде Кыргызстандын Социалдык фонду төмөнкү жарандарга пенсия чектеди:

Беларустун 2 жаранына, анын ичинен: 1 жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча пенсияга өткөн.

Мындан тышкары, Россия Кыргызстандын 82 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн чектеди.

Социалдык фонд ЕАЭБ алкагындагы кызматташуунун негизинде пенсиялык укуктарды коргоону жана ишке ашырууну улантат.

 

Exit mobile version