Кыргызстанда пенсиялык курак көтөрүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйында билдирди.
Ал Соцфонд пенсиялык куракты көтөрүү тууралуу демилге көтөрүү ою жок экенин белгилеп өттү.
“Кандайдыр бир өзгөрүү болбойт. Пенсиялык курак көтөрүлбөйт. Аялдар үчүн 58, эркектер үчүн 63 жаш боюнча калат”, — деди ал.
Эскерте кетсек, мындан бир нече ай мурда өкмөт пенсиялык куракты көтөрүү демилгеси менен чыгып, бирок коомчулуктун нааразычылыгынан кийин ал оюнан баш тарткан.