Сокулук районунда мамлекеттик асыл тукум заводунун базасында сафлор майын өндүрүү ишке киргизилди

07.01.2026 | 15:18

Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводу сафлорду (масдарыны) өстүрүү жана кайра иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыра баштады. Ишкананын базасында калк үчүн өсүмдүк майын жана айыл чарба малдары үчүн жогорку сапаттагы тоют күнжарасын (жмых) өндүргөн цех ачылды.

Цех үчүн жабдуулар айыл чарба продукциясын кайра иштетүү долбоорлорун колдоо саясатынын алкагында Сокулук райондук мамлекеттик өнүктүрүү фондунун каражатына сатылып алынган. Адистердин маалыматы боюнча, сафлордун түшүмдүүлүгү гектарына орточо эсеп менен 1 тоннаны (агротехнологиялар так сакталганда — 5 тоннага чейин) түзөт, ал эми майдын чыгышы 40%га жетет.

Өсүмдүктү тандоо аймактын географиялык өзгөчөлүктөрү менен шартталган. Сокулук районунун төмөнкү зонасындагы 50 миң гектар айдоо аянтынын жарымы кайрак (сугарылбаган) жерлерге туура келет. Мындай тилкелерде сафлорду өстүрүү салттуу буудай жана арпага салыштырмалуу экономикалык жактан пайдалуу деп табылган.

Жакынкы жылдары айдоо аянттарын кеңейтүү жана жергиликтүү дыйкандарды өндүрүштүк чынжырга тартуу пландалууда.

Өнүктүрүү программасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Дыйкандарды сапаттуу үрөн жана атайын техника менен камсыздоо;
  • Себүүдөн баштап даяр продукцияны чыгарууга чейинки бардык этаптарда долбоорлорду консультациялык коштоо;
  • Экологиялык таза тамак-аш азыктарын жана тоюттарды өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү.

Демилге аймактын агрардык секторун диверсификациялоого жана өлкө ичинде кошумча нарк жаратууга багытталган. Майды сыгуу процессинде алынган сафлор күнжарасы мамлекеттик асыл тукум заводунун тоют базасын олуттуу жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Scroll to Top