Сокулукта 3 кичинекей бала каналга түшүп кетип, каза болушту

03.02.2026 | 10:38

Чүйдүн Сокулук районунун Майская айылында 2021-жылы туулган 3 бала каналга түшүп, кетип каза болушту.

Облустук милициянын маалыматында, кырсык 2-февраль күнү болгон. Каза болгон балдар тууган болушкан жана кошуна жашашкан. Алар түшүп кеткен канал үйлөрүнөн 300 метр алыстыкта жайгашкан. Канал сугат үчүн пайдаланылган, анын айланасы тосулган эмес жана жээктери тоңуп турган.

Балдардын жок экендиги саат 14:00гө чейин байкалган эмес. Алар менен чогуу ойноп жүргөн 4 жашар М.И. апасын окуя болгон жерге ээрчитип барган. Энеси каналдын жээгине келгенде балдардын сууга чөгүп кеткенин көрүп, жардам чакырган. Балдардын сөөгү каналдан чыгарылган, бирок алар тез жардам кызматы келгенге чейин каза болуп калышкан.

Учурда балдардын сөөгү моргго жеткирилип, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Сокулук РИИБ тарабынан текшерүү иштери улантылууда. Анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынат.

Scroll to Top