Чүй облусунун Сокулук районундагы Шопоков шаарындагы батирлердин бири өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, батирдин 10 чарчы метр бөлмөсү күйгөн. Өрттүн кесепетинен 2 киши жана 2 эки бала түтүнгө ууланып, райондук ооруканага жеткирилген.
Ошондой эле 8 адам эвакуацияланган.
Учурда өрттүн себеби такталууда.
[su_image_carousel source=»media: 53961,53962,53963″ crop=»none» autoplay=»4″]