Бүгүн, 16-июлда, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сокулук районунун Новопавловка айылындагы сейил бак курулушундагы мыйзам бузуу фактылары менен жеринде таанышып чыкты.
Анын жүрүшүндө курулуш иштеринин сапатсыз аткарылганы жана бюджеттик каражаттардын максатсыз пайдаланылганы аныкталды. Жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуудан кийин айыл өкмөтүнүн башчысы, курулуш ишин жүргүзгөн аткаруучулар жана техникалык көзөмөлчү кызматкерлер камакка алынды.
УКМК бул иштер боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.