Сокулук районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 13-сентябрда Сокулук районунун ички иштер башкармалыгына жаран арыз менен кайрылган. Анда ал 2022-жылдын февраль айында Военно-Антоновка айылындагы унаа базарынан бир адам андан 650 миң сомго «Мерседес-Бенц 814» үлгүсүндөгү унаа сатып алганын билдирген. Бирок сатып алуучу унаанын акчасын бербей, унаанын өзүн башка адамдарга сатып жиберген.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. 2-декабрда кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда