Соода-өнөр жай палатасында ЕБдин санкцияларынын Кыргызстанга тийгизген таасири талкууланды

Соода-өнөр жай палатасында ЕБдин санкцияларынын Кыргызстанга тийгизген таасири талкууланды

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасында Евробиримдиктин Борбордук Азиядагы санкциялар боюнча аймактык кеңешчиси Клаус Цилликенс мырза менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Маалыматта айтылгандай, тараптар Евробиримдиктин санкциялык саясатынын кыргыз бизнесине тийгизген таасирин, логистика, экспорт жана транзит маселелерин талкуулашкан.

Палатанын вице-президенти Толгонай Таалайбекова Палатанын ишкерлер менен консультациялык иши тууралуу айтып берип, мекеме көйгөйлүү маселелерди эл аралык аянттарда байма-бай көтөрүп келе жаткандыгын билдирген.

Ал эми Клаус Цилликенс Евробиримдиктин санкциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча сунуштарын, анын ичинде өнөктөштөрдү текшерүү, жеткирүүлөрдү көзөмөлдөө жана товарлардын физикалык келишин тастыктоо боюнча сунуштарын берген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>