Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого жана башкаруу формасы боюнча референдумга добуш берди.
Добуш бергенден кийин Repoter.kg’нин журналисти экс-мамлекет башчысынан комментарий алууга аракет кылды. Башкаруунун кайсы формасына добуш бердиңиз деген суроого, Жээнбеков президенттик башкарууга деп жооп берди.
Сооронбай Жээнбеков башка суроолорго кийинчерээк жооп берүүнү убада кылды.