Site icon Reporter.kg

Сооронбай Жээнбеков башкаруунун кайсы формасына добуш бергенин айтты — видео

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого жана башкаруу формасы боюнча референдумга добуш берди.

Добуш бергенден кийин Repoter.kg’нин журналисти экс-мамлекет башчысынан комментарий алууга аракет кылды. Башкаруунун кайсы формасына добуш бердиңиз деген суроого, Жээнбеков президенттик башкарууга деп жооп берди.

Сооронбай Жээнбеков башка суроолорго кийинчерээк жооп берүүнү убада кылды.

Exit mobile version