Сооронбай Жээнбеков Чыңгыз Айдарбековду  кабыл алды

Сооронбай Жээнбеков Чыңгыз Айдарбековду  кабыл алды

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков президент Сооронбай Жээнбековго өлкөдөгү акыркы окуялар боюнча эл аралык уюмдардын жана өнөктөш өлкөлөрдүн позициясы жөнүндө маалымат берди. Бул тууралу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Жолугушуулардын жүрүшүндө Айдарбеков өлкө башчысына БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиелонун жана Евробиримдик өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэрдин укуктук талаага тез арада кайтып келүү тууралуу айткан пикирлерин жеткирген.

Айдарбеков белгилегендей, тараптар кырдаалды жөнгө салуу жана Кыргызстанда кайрадан өтө турган парламенттик шайлоого техникалык жактан колдоо көрсөтүү ниеттерин ортого салган.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө түзүлгөн татаал саясий кырдаалда бүткүл эл аралык коомчулукту ишенимдүү маалымат менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулушу керектигин айтты.

[su_image_carousel source=»media: 44122,44123,44124″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>