Site icon Reporter.kg

«Сосновка» постунан 1 тоннадай спирт ташып бараткан унаа кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек — Ош автожолундагы «Сосновка» контролдук-өткөрмө пунктунан эсепке алынбаган спиртти ташуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, рейддин жүрүшүндө тиешелүү документтери жок 1 тоннадан ашык этил спиртин ташыган унаа токтотулган.

Автоунаа айып салуучу жайга киргизилип, текшерүүнүн материалдары юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына өткөрүлүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version