Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек — Ош автожолундагы «Сосновка» контролдук-өткөрмө пунктунан эсепке алынбаган спиртти ташуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, рейддин жүрүшүндө тиешелүү документтери жок 1 тоннадан ашык этил спиртин ташыган унаа токтотулган.
Автоунаа айып салуучу жайга киргизилип, текшерүүнүн материалдары юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына өткөрүлүп берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз