Сот Абдил Сегизбаевди 2 айга камакка алуу өкүмүн чыгарды

Сот Абдил Сегизбаевди 2 айга камакка алуу өкүмүн чыгарды

Абдил Сегизбаевдин баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин баш коргоо чарасы каралган. Анда сот Сегизбаевди 2 айга, тактап айтканда 25-мартка чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармоо чечимин чыгарган. 

Белгилей кетсек, 25-январда Абдил Сегизбаев “Белизгейт” окуясы боюнча камакка алынган. Ага “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айып коюлууда.

Буга чейин Башкы прокуратура Абдил Сегизбаев жайыт жерлерди мыйзамсыз менчиктеп алган деп кылмыш ишин козгогон болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>