Сот департаментинин башкармалыгынын жетекчиси жасалма диплом колдонууга шектелүүдө

Сот департаментинин башкармалыгынын жетекчиси жасалма диплом колдонууга шектелүүдө

Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси М.К.А. жасалма диплом колдонуп, ишке кирүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, М.К.А. 2005-жылдан бери аталган системада иштеп, жумушка орношууда А.Алиев атындагы Академияны бүтүргөндүгү тууралуу дипломун бергени, бирок ал 2003-жылы 5-курста окуу акысын төлөбөгөндүгү үчүн окуудан чыгарылганы аныкталган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында М.К.А. кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>