Сот Туйгунаалы Абдраимовго өкүм чыгарып, 2 млн сом айып салды

Сот Туйгунаалы Абдраимовго өкүм чыгарып, 2 млн сом айып салды

Коррупцияга айыпталып кармалган экс-чиновник Туйгунаалы Абдраимовго сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирди.

Маалыматка караганда, өкүм бүгүн, 21-сентябрда чыгарылды.

«Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен Туйгунаалы Абдраимов Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Ага 20 000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башкача айтканда, мамлекетке 2 000 000 сом айып салынды», — деп айтылатм аалыматта.

Буга чейин УКМК Туйгунаалы Абдраимов үй камагына чыгарылганын жана ал мамлекетке кайтарган жердин жана конок үйүнүн баасы 15 млн. 300 миң сомго бааланганын маалымдаган.

Абдраимовго «БШКны жетектеп турган учурда Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин мажбурлап, 11,2 гектар таштанды талаасын өзүнө таандык «Кайнар» ишканасынын карамагына бекер өткөрүп алган деп Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал 2005-2006-жылдары, кийинчерээк 2011-2016-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясын башкарган. 2007-2010-жылдары Саламаттык сактоо министрлигин жетектеген. 2018-жылы өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалып, бул кызматта бир жылга жакын иштеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>