Социалдык сурамжылоо: Жарандардын 88%ы Кыргызстандын азыркы өнүгүү багытын туура деп эсептейт
Бишкек мамлекеттик университетинин (БМУ) алдындагы профессор Кусейин Исаев атындагы Коомду изилдөө борбору 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча кыргызстандыктардын социалдык маанайын иликтөөнүн жыйынтыгын сунуштады.
Өлкөнүн бардык аймактарынан 1039 респондент катышкан онлайн-сурамжылоонун маалыматына ылайык, жарандардын 88%ы мамлекетте иштер туура багытта бара жатат деп эсептейт.
Изилдөө республиканын бардык облустарында коомдук оптимизмдин жогорку деңгээлин (багытты колдоо 84%дан 93%га чейин) көрсөттү.
Ошол эле учурда социологдор жооптордун жаш курак менен байланышын белгилешти: эгер жаштар арасында (16–35 жаш) сурамжылоого катышкандардын 83,6%ы оң жооп берсе, 60 жаштан улуу категорияда бул көрсөткүч 97,2%га жетет. Респонденттердин 11%ы гана өлкөнүн учурдагы өнүгүү багыты тууралуу терс пикирин билдирген.