Соттук отурумдарды түз эфирде алып берүүгө уруксат берилди. Президент мыйзамга кол койду

20.05.2025 | 17:15

Кыргызстанда соттук отурумдарды телевидение, радио аркылуу же интернет тармагында түз эфир режиминде трансляциялоого уруксат берилди. Ошондой эле соттук отурумдардын жүрүшү милдеттүү түрдө аудио- жана видео жазууга алынышы керек. Ал эми аудио-видео жазуулардын жоктугу соттун чечимин өзгөртүүгө, кайра кароого же жокко чыгарууга негиз боло алат.

Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам ушул жылдын 3-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Ага ылайык, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин төмөндөгү ченемдер менен толукталды:

  • Кодекс “видеоконференция байланышы” жана “трансляциялоо (онлайн-трансляциялоо)” түшүнүктөрү менен толукталды;
  • Айыпталуучун соттук отурумдардын протоколдору менен (анын ичинде аудио- жана видео жазуулар менен) таанышууга жана аларга карата сын-пикирлерди берүүгө укуктуу,
  • Айыпталуучу телевидение, радио аркылуу жана (же) Интернет тармагында түз эфир режиминде соттук отурумду трансляциялоону (онлайн-трансляциялоону) колдонуу аркылуу соттук териштирүү жүргүзүү жөнүндө өтүнмө берүүгө укуктуу;
  • Милдеттүү түрдө аудио- жана видео жазуу каражаттарынын жардамы менен соттук отурумдун жүрүшүн жазып алуу;
  • Аудио- жана видео жазуулардын жоктугу соттун чечимин өзгөртүүгө, кайра кароого же жокко чыгарууга негиздердин бири болуусу;
  • Кылмыштын оордугуна жараша күрөөнүн минималдуу өлчөмдөрү.

Мыйзамдын максаты бөгөт коюу чаралары системасында күрөөнүн ролун күчөтүү жана аны кыйла натыйжалуу колдонууга өбөлгө болуучу механизмдерди иштеп чыгуу, ошону менен бирге, кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө видеоконференц байланышты жакшыртуу болуп саналары айтылды.

Scroll to Top