2018 — жылы ИДПнын көлөмү республика боюнча 569 млрд сомду түзгөн. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 3.8% көтөрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунда ИДПнын өсүүсү 12.7%, Баткен облусунда — 5.5%, Талас аймагында — 4.4% жана Бишкек шаарында 3.9%ды түздү. Ал эми Нарын облусунда тескерисинче эң төмөн көрсөткүч 3.5% болду.