Сулайманов: Намысы жок эркектер гана аялдарга кол көтөрөт

Сулайманов: Намысы жок эркектер гана аялдарга кол көтөрөт

Эркектик намыс жок, алсыз эркектер гана аялдарга кол көтөрөт. Мындай пикирди Жогорку Кеңештеги “Бир Бол”фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов социлдык тармак аркылуу билдирди.

Эл өкүлү кыздарга татыктуу билим берүү жана алардын укугун коргоо башкы милдетибиз экендигин баса белгилеген.

“Ур-токмоктон улам көз жумган келиндер тууралуу маалыматтар элдин эсин эки кылып, үрөйүн учурду. Энеси жер алдында, атасы темир тор артында калган балдардын тагдыры кандай болот? Турмуш түркүгүн кармап турган апаларыбызды, очок отун өчүрбөгөн эже-карындаштарыбызды, сый гана мамилеге татыктуу кыздарыбызды коргоо ар бир азаматтын милдети”, — деген ал.

Белгилей кетсек, жыл жаңыргандан бери Баткен жана Нарын облустарында күйөөсүнүн токмогунан эки аял каза болду. Ал эми Каракол шаарында күйөөсү аялына бензин чачып өрттөп жиберген окуя катталды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>