Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өлкө аймагында бир суткада 44 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 55 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды.
- Бишкек шаарында – 7;
- Ош шаарында – 1;
- Чүй облусунда – 17;
- Талас облусунда – 2;
- Баткен облусунда – 2;
- Жалал-Абад облусунда – 7;
- Ысык-Көл облусунда – 5;
- Ош облусунда – 3 өрт кырсыгы катталган.
Катталган өрт кырсыктарынын басымдуу бөлүгүн ачык жайлардагы куураган чөптөрдүн күйгөнү түзсө, эң ири өрт кырсыгы Бишкек шаарынын Дордой базарында катталган.