Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өлкө аймагында бир суткада 38 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 40 өрт бөлүмү тартылды.
- Бишкек шаарында – 4;
- Ош шаарында – 1;
- Чүй облусунда – 16;
- Талас облусунда – 1;
- Баткен облусунда – 1;
- Жалал-Абад облусунда – 11;
- Ош облусунда – 4 өрт кырсыгы катталган.
Катталган өрт кырсыктарынын басымдуу бөлүгүн ачык жайлардагы куураган чөптөрдүн күйгөнү түзөт.