Чүй облусунун Шопоков шаарында жайгашкан “Лахор Стил Милс” ишканасына сууну мыйзамсыз пайдаланып келгендиги үчүн 848 миң 128 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган ишкана жер астындагы сууларды пайдалануу үчүн 2 скважинаны 2012-жылдан бери уруксат кагаздары жок пайдаланып келген. Мындан тышкары 2011-жылдын 27-майынан бери сууларды пайдалануу үчүн төлөмдөрдү төлөбөй келгени аныкталган.