Суусамырда -38 градус. Келерки аптада канчалык суук болот?

Келе жаткан аптада өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, 9-10-январларда жана 11-январда түнкүсүн туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде кар калың жаашы мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. … Читать далее Суусамырда -38 градус. Келерки аптада канчалык суук болот?