Суусамырда -38 градус. Келерки аптада канчалык суук болот?

Суусамырда -38 градус. Келерки аптада канчалык суук болот?

Келе жаткан аптада өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 9-10-январларда жана 11-январда түнкүсүн туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде кар калың жаашы мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.

10-11-январларда абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15°, күндүз -5…-10° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18°, күндүз -7…-12° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз -3…-8° суук болот.

Ошондой эле Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3…-8° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -12…-17° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -12…-17°, күндүз -8…-13° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26°, күндүз -15…-20° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -22…-27°, күндүз -16…-21° суук болушу күтүлөт.

12-13-январларда абанын температурасы дагы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -14…-19° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -9…-14° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -17…-22° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -22…-27°, күндүз -15…-20° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -23…-28° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38°, күндүз -23…-28° суук болушу күтүлөт.

«Мындай аномалдуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат», — деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>